Abank_june
SerepTV Logo

"3 жыл мурдагы видео". Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөтөт делген жаран милицияга жеткирилди

"3 жыл мурдагы видео". Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөтөт делген жаран милицияга жеткирилди

Социалдык тармактын колдонуучу "Ошто эркек киши үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөтүп келет" деп жазып, видео менен бөлүшкөн. Анда жаран баласын урушуп, "колуңду сындырам" деп коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Ош шаардык милициясы жаран тергөөгө жеткирилгенин билдирди.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видеодо көрсөтүлгөн жарандар Ош шаарынын тургундары: 1990-жылы туулган Т. Ж., анын жубайы 1996-жылы туулган Д. А. жана алардын 2020-жылы туулган уулу М. У. экендиги аныкталган. Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө социалдык тармакка 23-июлда тараган видеодогу окуя 2023-жылдын 22-декабрында тартылгандыгы такталган.
Мындан сырткары, учурда жубайлар бирге жашабай тургандыгы аныкталып, жубайы милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
Ошого карабастан, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо максатында жаран Ж.Т.га карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда",- деп айтылат маалыматта.