"Иним топ балдар тарабынан сабалып, каза болуп калды" деген жаран президентке кайрылды
Социалдык тармактарда "Иним топ балдар тарабынан сабалып, каза болуп калды" деген жарандын президентке деген кайрылуусу жарыяланды. Анда жаран иниси УКМКнын 9-кызматынын кызматкери болгонун, Ак-Суу районунун Жылдыз айылында 7 бала сабаганын, кесепетинен жигиттин 29-июнда каза болгонун айтат. Ал президентке кайырылып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бурмалабай чыгарып берүүнү көзөмөлдөөнү суранган.