Abank_june
SerepTV Logo

Текебаев Германияда жумушсуз калган студенттер менен жолукту

Текебаев Германияда жумушсуз калган студенттер менен жолукту

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бремен шаарына барып, жумушсуз калган студенттер менен жолукту.

"Немис тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишимде көрсөтүлгөн да, көрсөтүлбөгөн да бир катар маселелер боюнча оң жыйынтыктарга жетише алдык. Такталгандай, студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан экен. Ошого карабастан, немис тарап аларга жаңы жумуш орундарын табууга аракет кыларын билдирди.

Эң башкысы – балдарыбыз аман-эсен ата-энелеринин алдына кайтып барышы керек. Биз бул маселени аягына чейин көзөмөлдөп, студенттерибиздин мыйзамдуу укуктарынын сакталышы үчүн ишибизди улантабыз",- деп жазды ал.