MBANK иштейт! MBANKтын техникалык жаңыртуусу: 31-июлдан 3-августка чейин
MBANKтын ички системаларын өркүндөтүп, жаңы техникалык негизге өтөт. Бул жаңыртуу MBANK менен MIslamic-ке жарым-жартылай тиешелүү болот. Иштер пландуу жана ырааттуу түрдө, 31-июлдан 3-августка чейин жүргүзүлөт. Банк ар бир этапты көзөмөлдөйт, ошондуктан жаңыртуудан кийин бардык сервистер туруктуу жана адаттагыдай режимде иштейт.
MBANK колдонмосу иштейт: төлөм карталары, которуулар, төлөмдөр (анын ичинде QR аркылуу), MPay жана банкоматтар кызмат көрсөтүүсүн улантат.
Көңүл буруңуз: 1-августтан 3-августка чейин Кыргызстан боюнча банктын кеңселери иштебейт. 30-июлдан баштап – башка сервистерге караганда бир күн эрте – кредиттер, каржылоо жана M+ менен «Адал» бөлүп төлөөлөрү боюнча жарым-жартылай/толук мөөнөтүнөн мурда төлөө, ошондой эле кредит алууга арыз берүү мүмкүн болбойт.
31-июлдан баштап төмөнкүлөр жеткиликсиз болот:
- Кредиттерди/каржылоону/бөлүп төлөөлөрдү пландуу төлөө;
- MBANK-тагы «Кредиттер» жана «Бөлүп төлөө» бөлүмдөрү;
- M+ жана «Адал» аркылуу бөлүп төлөө, анын ичинде MMarket, MTicket, MTravel жана MProfi сервистеринде;
- Жаңы депозиттерди ачуу жана аларды мөөнөтүнөн мурда жабуу (мөөнөтү бүткөндө жабуу, пайыз эсептөө жана депозиттерди толуктоо мүмкүнчүлүгү сакталат);
- «Мудараба» продуктусу боюнча бардык операциялар (пайда 10-августка чейин төлөнөт);
- SWIFT боюнча операциялар (саат 13:00дөн тарта);
- Төлөм карталарын чыгаруу/кайра чыгаруу, анын ичинде картоматтар аркылуу;
- Эсептерди ачуу жана жабуу;
- Жаңы колдонуучуларды каттоо;
- Паспорттук маалыматтарды жана телефон номерин жаңыртуу.
Маанилүү: эгерде сиздин пландуу төлөмүңүздүн күнү 1–4-августка туура келсе, аны мурдараак – 31-июлга чейин төлөй аласыз. Эгерде бул ыңгайсыз болсо, кабатырланбаңыз – техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин, 5-августтун саат 16:00гө чейин төлөм жасаңыз. Бул учурда кредиттик тарыхыңызга зыян тийбейт жана пеня эсептелбейт.
Техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин MBANK жана MIslamic-тин бардык сервистери менен функциялары толугу менен калыбына келтирилет. Бардык сервистер кайрадан адаттагыдай режимде жеткиликтүү болот.
Ишенимиңиз үчүн рахмат!