Таш-Көмүрдө мурдагы "Кристалл" заводунун аймагындагы экологиялык коркунучтарды жоюу боюнча иштер талкууланды
Таш-Көмүр шаарында тургундар, коомдук жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда мурдагы «Кристалл» заводунун аймагын коопсуз абалга келтирүү боюнча алдыда аткарыла турган иштер талкууланды.
«Кристалл» заводунун өндүрүштүк аянты поликристаллдык кремний өндүрүү үчүн 1989-жылы курулган. Заводдун аймагында топтолгон химиялык заттардын айынан аталган жер экологиялык коркунучу жогору объектилердин катарына кирген. 2010-жылы завод ишин токтоткон, бирок объект консервацияланган эмес. Натыйжада заводдун бардык технологиялык линияларында уулуу жана жарылуу коркунучу бар заттар тазаланбай калган. Мурдагы заводдун аймагында 15 жылдан ашуун убакыттан бери 155 тоннага чейин уулуу химиялык заттар сакталып келет.
Потенциалдуу экологиялык жана өндүрүштүк коркунучтарды азайтуу максатында Министрлер кабинети 2024-жылдын май айында кабыл алган чечими менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү компетенттүү органдарды жана уюмдарды тартуу менен «Кристалл» ААКнын аймагында сакталган кооптуу химиялык заттарды жок кылуу жана утилдештирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырган. Кооптуу химиялык заттарды жок кылуу жана утилдештирүү боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын экологиялык жана өндүрүштүк тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларынын алкагында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Утилдештирүү иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай иштерди жүргүзүүдө тажрыйбасы бар Россия Федерациясынын «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Федералдык экологиялык оператору федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө адистер шаар тургундарына алдыда аткарыла турган иштердин негизги этаптарын, колдонулуучу технологиялык чечимдерди, ошондой эле экологиялык көзөмөл системасын жана коопсуздук чараларын тааныштырышты. Учурда аянтчаны даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Андан ары аварияга каршы иш-чаралардын алкагында адистер технологиялык сыйымдуулуктардагы басымды турукташтырып, аларды көзөмөлдөнгөн шартта ачып, бөлүнүп чыккан газдарды зыянсыздандырышат. Андан соң кооптуу химиялык заттар резервуарлардан чыгарылып, щелочтук гидролиз ыкмасы менен зыянсыздандырылат.
Долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, «Росатом» мамлекеттик корпорациясы жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлөт. «Таш-Көмүрдүн тургундары үчүн долбоордун акыркы максатын гана эмес, иштерди жүргүзүү учурунда коопсуздук кандай камсыз кылына турганын түшүнүү маанилүү. Ошондуктан көзөмөл ар бир этапта жүргүзүлүшү керек. Калк менен ачык диалог да бул иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Эл ишенимдүү маалымат алып, өздөрүн кызыктырган суроолорду адистерге берүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек», — деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдыктарды сактоочу жайлар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Кылычбек Апиев.
«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлү, «Федералдык экологиялык оператор» ФМУИнин экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча директору Станислав Жабриков долбоордун негизги максаты бул аймакта көп жылдар бою сакталып келген экологиялык коркунучтарды жоюу экенин белгиледи. «Мындай объектилер менен иштөөдө бир гана технологиялык чечим жетишсиз. Инженердик тажрыйбаны, экологиялык көзөмөлдү жана ар бир этаптагы жоопкерчиликти бириктирген комплекстүү система зарыл. Ошондой эле Таш-Көмүрдүн тургундарына алдыда аткарыла турган иштер жана коопсуздук чаралары тууралуу ачык айтып берүү биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ», — деди Станислав Жабриков.
Мурдагы «Кристалл» заводунун аймагында топтолгон экологиялык зыянды жоюу долбоору Кыргызстан менен Россиянын экологиялык кызматташтыгынын уландысы болуп саналат. Инженердик тажрыйбаны, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана экологиялык көзөмөл системасын бириктирүү топтолгон коркунучтарды этап-этабы менен жоюуга жана аймактын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Буга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү Иркутск облусундагы топтолгон экологиялык зыян келтирилген ири өнөр жай объектилеринде өндүрүштүк булганууга дуушар болгон аймактарды калыбына келтирүү боюнча Россиянын тажрыйбасы менен таанышкан.
Атап айтканда, кыргыз тарапка «Росатомдун» мурдагы «Усольехимпром» ишканасынын жана Байкал целлюлоза-кагаз комбинатынын аймактарындагы иштерди жүргүзүү боюнча ыкмалары көрсөтүлгөн. «Росатомдун» жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында объектилер жайгашкан аймактарда өзгөчө кырдаал режими алынган жана айлана-чөйрөнүн булгануу коркунучтары азайтылууда. Бул объектилерде топтолгон тажрыйба жана колдонулган технологиялык чечимдер Таш-Көмүр үчүн долбоорду иштеп чыгууда эске алынган. «Кристалл» заводунун аймагында топтолгон экологиялык зыянды жоюу долбоору Кыргызстан менен Россиянын көп жылдык экологиялык кызматташтыгын улантат. 2026-жылдын жаз айларында эки өлкө мурдагы уран өндүрүшүнүн объектилерин рекультивациялоо боюнча тогуз жылдык программанын жыйынтыгын чыгарган. Топтолгон зыянды жоюу - бул экологиялык коркунучтарды жоюу гана эмес, шаарлардын туруктуу өнүгүүсүнө карай маанилүү кадам. Кооптуу өнөр жай мурасынан тазаланган аймактар жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзгөн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.