SerepTV Logo

Айыл чарба министрлиги: Эттин баасын кармоо боюнча атайын баа бекитилди

Айыл чарба министрлиги: Эттин баасын кармоо боюнча атайын баа бекитилди
Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан атайын баа бекитилди. Аталган кызмат малды багуудан тарта базарга чейинки кектен чыгымдардын баасын баарын анализдеп чыгып, ушундай бааны койду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Мындан ары Бишкек шаарында уйдун сулп этинин баасы 870 сомдон сатылат. Ал эми сөөгү менен эттин дүң баасы баасы 700 сомдон чекене баасы 770 сомдон, койдун эти дүң баасы 820, чекене баасы 880 сом деп белгиленди.

Ал эми облустар боюнча баалар төмөнкүдөй деп көрсөтүлдү:
Чүй облусу - уйдун сулп этинин баасы 850, сөөгү менен дүң баасы 700, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800, чекене баасы 880 сом;
Нарын облусу - уйдун сулп этинин баасы 840 сом, сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 840 сом;
Ысык-Көл облусу - уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 840 сом;
Талас облусу - уйдун сулп этинин баасы 850 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 800 сом, 840 сом;
Ош облусу - уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 880 сом;
Жалал-Абад - уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 880 сом;
Баткен - уйдун сулп этинин баасы 880 сом, сөөгү менен дүң баасы 705 сом, чекене баасы 775 сом, койдун эти дүң баасы 820 сом, 850 сом;

Андан сырткары фарштын А категориясына (80% эт, 20% май) Б категориясына (60% эт, 40% май) туруктуу баалар бекитилди.
SEREP MEDIA