Айгүл Жапарова Кореяда корей чай аземине катышты
«Борбордук Азия – Корея Республикасы» форматындагы биринчи саммиттин алкагында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Корея Республикасынын биринчи айымы Ким Хе Гён жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева менен бирге «Чонг Ва Дэ» резиденциясында өткөн маданий программага катышты.
Иш-чаранын башында биринчи айымдар салттуу чай аземинин жүрүшүндө маданий диалогдун, улуттук салттарды сактоонун жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосундагы гуманитардык байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн мааниси тууралуу пикир алмашышты.
Андан соң жогорку даражалуу конокторго Кореянын бай маданий мурасын тааныштырган концерттик программа тартууланды. Анын алкагында салттуу корей бийлери жана музыкалык чыгармалар аткарылды.