Өлкөдө сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө
19-25-октябрь күндөр аралыгында курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 15,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүлбара Ишенапысова 24.кг сайтына билдирди.
Ооругандардын дээрлик 69 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
«Республика боюнча жалпы 2 миң 374 мектеп иштейт, анын ичинде 242си жеке менчик мектеп. Аларда 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Учурда мектептерге жана бала бакчаларга катышуу боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. 43-жумада орточо эсеп менен балдардын 3,4 пайызы мектепке, 6,7 пайызы бала бакчага барган эмес», — деди Гүлбара Ишенапысова.