Abank_oct
SerepTV Logo

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 22 балбан катышат

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 22 балбан катышат
 
24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дүйнө биринчилигинде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Аталган эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын 22 спортчу коргойт: грек-рим күрөшү боюнча 10, эркин күрөш боюнча 8 жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан кирди.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамы Грек-рим күрөшү:
Кутман Калбаев - 55 кг чейинки салмакта;
Курманбек Жапаров - 60 кг чейинки салмакта;
Афтандил Таалайбек уулу - 63 кг чейинки салмакта;
Раззак Бейшекеев - 67 кг чейинки салмакта;
Амантур Исмаилов - 72 кг чейинки салмакта;
Ырыскелди Максатбек уулу - 77 кг чейинки салмакта;
Акжол Махмудов - 82 кг чейинки салмакта;
Азат Салидинов - 87 кг чейинки салмакта;
Үзүр Жусупбеков - 97 кг чейинки салмакта;
Ильхам Токтаев - 130 кг чейинки салмакта.

Эркин күрөш:
Абдымалик Карачов - 57 кг чейинки салмакта;
Асан Өмүрбек уулу - 61 кг чейинки салмакта;
Тайырбек Жумашбек уулу - 65 кг чейинки салмакта;
Эрназар Акматалиев - 70 кг чейинки салмакта;
Орозобек Токтомамбетов - 74 кг чейинки салмакта;
Жакшылык Байташов - 79 кг чейинки салмакта;
Малик Шаваев - 86 кг чейинки салмакта;
Яков Чаплин - 92 кг чейинки салмакта.

Кыз-келиндер күрөшү:
Гүлнур Таштанбекова - 65 кг чейинки салмакта;
Мээрим Жуманазарова - 68 кг чейинки салмакта;
Нурзат Нуртаева - 72 кг чейинки салмакта;
Айпери Медет кызы - 76 кг чейинки салмакта.
SEREP MEDIA