SerepTV Logo

Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындаган. Ал кайра кийинип келди

Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындаган. Ал кайра кийинип келди
«Өкмөт мүчөсү Асан мырза, сиз эмне тойго келдиңизби?» — деген депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Асан Гайыповго кайрылып. Гайыпов депутаттын суроосуна түшүнбөй калганын айтты. «Түшүнбөдүм», — деди ал. «Жемперчен келиптирсиз, тойго келдиңизби? Костюмуңуз жокпу?» — деди ал. «Костюм бар, чечип койдум», — деди Гайыпов.  «Сиз келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп… Костюм-шым кийип келбейсизби?! Анда биз деле эртең жемпер кийип келели», — деген депутат. Жыйындын жүрүшүндө анын костюм кийип келгенин көрүүгө болот.