Abank_oct
SerepTV Logo

«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness колдонмосунда 15 млн сомдон ашык байге фонду бар акция башталат

«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness колдонмосунда 15 млн сомдон ашык байге фонду бар акция башталат

2026-жылдын 21-октябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин MBANK жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн «MBusiness’теги миллиондор үчүн оюн» акциясын өткөрөт. Жалпы байге фонду 15 млн сомдон ашат, ал эми башкы акчалай байгенин өлчөмү 1 млн сомго жетет.

Акцияга MBusiness кызматын колдонгон MBANK кардарлары катыша алышат. Кызматка MBANK колдонмосу аркылуу онлайн кошулууга болот.

Акциянын шарттары төмөнкүдөй: MBusiness колдонмосунда акциянын эрежелерине ылайык келген ар бир ийгиликтүү операция үчүн катышуучуга бир тамга чегерилет. Бул тамгалардан «МБИЗНЕС» же «МИЛЛИОН» деген сөздөрдүн бирин түзүү керек. Сөздү биринчи болуп чогултуп, операциялары текшерүүдөн өткөн катышуучулар жеңүүчү болушат.

Тамгалар төмөнкү операциялар үчүн чегерилет:

  • MBusiness жана MKassa QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу;

  • MPay жана MCafe аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу;

  • MBANK колдонмосунан MBusiness эсебине которууларды кабыл алуу;

  • MBusiness аркылуу QR-код менен төлөм жүргүзүү;

  • Visa MBusiness картасы менен POS-терминалдар жана интернет аркылуу төлөө;

  • MBusiness Pay кызматы аркылуу төлөм жүргүзүү;

  • салыктарды жана мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө;

  • MBusiness аркылуу валютаны алмаштыруу;

  • SWIFT жана Visa Direct Account аркылуу эл аралык которууларды жүргүзүү;

  • MBusiness аркылуу онлайн кредит алуу.

Ар бир операция үчүн минималдуу суммалар жана күнүмдүк чектөөлөр белгиленген. Тамгалардын саны чектелген.

Акция үч этапта өткөрүлөт: биринчи этап — 2026-жылдын 21-октябрынан (саат 10:00дөн) 17-ноябрына чейин, экинчи этап — 2026-жылдын 18-ноябрынан 15-декабрына чейин, үчүнчү этап — 2026-жылдын 16-декабрынан 2027-жылдын 12-январына чейин. Ар бир этаптын аягында саат 23:59да чогултулган бардык тамгалар күйүп кетет жана кийинки этап нөлдөн башталат.

Ар бир айда бир жеңүүчү 1 млн сомдон утуп алат. Ошентип, акциянын жүрүшүндө үч катышуучу миллионер боло алат. Мындан тышкары, ай сайын дагы 20 ишкер 200 миң сомдон утуп алышат. Жалпысынан мындай 60 байге ойнотулат.

Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

MBANK — Биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган!

КР УБ № 014 лицензиясы.



SEREP MEDIA