Abank_nov
SerepTV Logo

Жогорку Кеңеш жолдо мушташкан айдоочуларга карата жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш жолдо мушташкан айдоочуларга карата жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду
 
Бүгүн, 26-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – депутаттар Бактыяр Калпаев, Марлен Маматалиев, Медербек Алиев, Джайлообай Нышанов жана Равшанбек Рысбаев.

Депутат Бактыяр Калпаев белгилегендей, аталган мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, айдоочулук тартипти бекемдөө жана жарандарды жолдордогу агрессивдүү жүрүм-турум көрүнүштөрүнөн коргоо максатында иштелип чыккан. «Акыркы убактарда айдоочулар арасында жол талашуудан улам мушташ чыккан учурлар күн сайын катталууда. Тилекке каршы, мындай жаңжалдар адам өлүмүнө алып келген кейиштүү окуялар да аз эмес. Бир адамдын ачуусу бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тагдырын түп-тамырынан өзгөртүп, орду толгус жоготууларга алып келүүдө», – деди эл өкүлү.

Мындан улам Укук бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип жатканын маалымдады. Тагыраагы айдоочуларга мындай укук бузуу үчүн биринчи жолу 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу, ал эми алты айдын ичинде кайталанган учурда айдоочулук укугунан алты айга ажыратуу сунушталууда.
SEREP MEDIA