Abank_nov
SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы №21 тергөө изоляторунун ачылыш аземине катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы №21 тергөө изоляторунун ачылыш аземине катышты
 
25-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, депутаттар Гульнара Акимбаева жана Чынгыз Ажибаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы №21 тергөө изоляторунун ачылыш аземине катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө жаңы мекеменин пайдаланууга берилиши жазык-аткаруу тутумун модернизациялоодо, коопсуздукту камсыз кылууда жана камакта кармалган адамдардын укуктарын сактоо менен аларды кармоо шарттарын жакшыртууда маанилүү кадам экени белгиленди. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Норус айылында жайгашкан жаңы тергөө изолятору 1500 орунга ылайыкталган. Мындан тышкары, мекеменин кызматкерлери үчүн 48 батирлүү турак жай комплекси жана спорттук жайлар курулган.

Жаңы мекемеде камакта кармалган адамдар үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп, кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсүнө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр каралган. Ошондой эле камакта кармалган адамдардын жакындары менен жолугушуусу үчүн да тиешелүү шарттар камсыздалган.
SEREP MEDIA