SerepTV Logo

Жогорку Кеңештеги эки депутаттык орунга кимдер келиши мүмкүн?

Жогорку Кеңештеги эки депутаттык орунга кимдер келиши мүмкүн?

Канатбек Маматов менен Эльдар Абакиров Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары болушу мүмкүн.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда Маматов Канатбек Мурзаевич турат. Ал 4347 добуш алган. 2019-2021-жылдары Кыргызстандын футбол союзунун президенти болгон.

“Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда Эльдар Курманбекович Абакиров турат. Ал 4190 добуш алган. 2016-2019-жылдары Экономика министринин орун басары болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан. БШК “Альянс” фракциясында да аялдардын квотасы боюнча маселе бар экенин белгиледи.

Кечээ, 6-июлда БШК Фарходбек Алимжанов менен Фархад Исмаиловду депутаттык мандатынан ажыраткан.