Abank_june
SerepTV Logo

Садыр Жапаров “Элдик Банктын” жаңы башкы кеңсесинин ачылышына катышты

Кечээ, 2-июнда Бишкекте Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик Банктын” жаңы башкы кеңсесинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты. Ал бул бири-бирине төп келген эки окуя ары символикалуу, ары тарыхый мааниге ээ экенин, себеби бир кылымдык жол арбыткан аманат ишмердигинин улантуучусу дал ушул “Элдик Банк” болуп саналарын белгиледи.