Abank_june
SerepTV Logo

Өзбекстанда май куюучу жайда газ жарылып, эки адам жабыркады

Өзбекстанда май куюучу жайда газ жарылып, эки адам жабыркады
Кечээ, 20-февралда саат 18:02де Анжиян облусунун өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына Шахрихан районунун Янги Найнаво Махалла шаарында жайгашкан май куюучу станцияда пропан газы жарылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Кырсык болгон жерге саат 18:13тө Тез жардам кызматы барган. Маалыматтарга ылайык, кырсыктан май куюучу жайдын аймагында болгон эки жаран жаракат алган. Учурда жабыркагандар райондук ооруканага жаткырылган. Окуянын себептери жана материалдык зыяндын суммасы такталууда.
Unknown Author