Abank_oct
SerepTV Logo

"Кыздын колуна тамеки басып, сабап, тумчуктуруп..." Казакстанда үрөй учурган окуя катталды

"Кыздын колуна тамеки басып, сабап, тумчуктуруп..." Казакстанда үрөй учурган окуя катталды

Алматы облусунда 16 жаштагы кызды уурдап, мазактоого шектелгендер кармалды. "Орда" басылмасы жазгандай, шектүүлөрдүн бири Масак айыл аймагынын акиминин аппаратынын кызматкери.

Милицияга кыздын апасы кайрылган. Апасынын айтымында, анын 15 жана 16 жаштагы кыздары бар. 16 жаштагы кызы зомбулукка туш болгон. Ал Шелек деген айылда чоң ата менен чоң апасынынын үйүндө болгон. Ага бейтааныш бирөө интернеттен жазган.

"Кызыма бир аял WhatsApp мессенжеринен "менин жигитим менен сүйлөшпө" деген жазуу калтырыптыр. Кызым макул болуп, жазган кишини кара тизмеге киргизген экен. Эртеси күнү аял кайра жазып, сүйлөшүүгө чакырыптыр. Кызым жаман ойлонбой эле чыккан экен",- деди апасы.

Алар кызды Масак деген айылга алып барып, бутун өптүрүп, жыгач менен зордуктап, колуна тамекини басып өчүрүп, жылаңачтап сууга салып, тумчуктурушкан. Андан тышкары 3 миллион теңге талап кылышкан. "Кызым мени менен байланышып, "жашагым келбей калды" деп айтты",- деди аял.

Учурда шектүүлөр кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн бири Масак айыл аймагынын акиминин аппаратынын кызматкери болгон. Дагы бири 2 баланын апасы экени аныкталган. 

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Orda.kz (@ordakazakhstan)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Orda.kz (@ordakazakhstan)

Орунбеков: "Протокол боюнча Шакира гүл албайт экен"

12:27 18.10.2026

Сыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалды

10:23 13.10.2026

Чаткал районунда “Чаарат ЗААВ” алтын өндүрүү ишканасынын курулушуна капсула салынды

08:31 16.10.2026

2027-жылдын 1-сентябрынан тартып студенттердин стипендиясы жогорулайт

09:59 13.10.2026

Гватемалада кыз өзүнүн жаназасы учурунда эсине келди

09:17 14.10.2026

"2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59 пайызы Азияга туура келет". Садыр Жапаров Азербайжанда эмне деп сүйлөдү?

17:00 15.10.2026

Министр Жээнбек Кулубаев «С5+1» форматындагы министрлер жолугушуусуна катышты

08:38 20.10.2026

Франциянын бир катар шаарларында коменданттык саат киргизилет

08:33 20.10.2026

Бишкекте №31 жаңы автобус каттамы ишке кирет

08:24 20.10.2026