Германия биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү боло алган жок
Германия биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү боло алган жок. Тандалуу үчүн БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында жашыруун добуш берүүдө добуштардын үчтөн экиси (190 добуштун ичинен 127си) талап кылынган. Бирок Германияны (104 добуш) Португалия (134 добуш) жана Австрия (131 добуш) озуп кетти. Дал ушул өлкөлөр 2027-2028-жылдары Коопсуздук Кеңешинде орун алышарын epd агенттиги билдирет. Буга чейин Германия алты жолу бул кеңешке туруктуу эмес мүчө катары кирген.
"Германиянын жеңилүүсү — «өкүнүчтүү факт», - деп билдирди ХДС/ХСС блогунун парламенттик фракциясынын тышкы саясат боюнча эксперти Юрген Хардт. Анын айтымында, «келечекте европалык топтун ичинде позицияны алдын ала макулдашуу зарыл». «Ошондо БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу эмес мүчөлүк үчүн атаандаштыкты болтурбай алабыз», — деп эсептейт Хардт.
Добуш берүүдө Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль катышкан. Жыйынды БУУнун Башкы ассамблеясынын учурдагы төрайымы, Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Анналена Бербок жетектеген. Германиянын ТИМинин маалыматына ылайык, 2024-жылга карата өлкө БУУ системасындагы салымдардын көлөмү боюнча экинчи орунда турган.