Франциянын бир катар шаарларында коменданттык саат киргизилет
Өлкөнүн премьер-министри Себастьен Лекорнюнун айтымында, департамент башчыларына мындай чараны биринчи кезекте уланып жаткан талап-тоноочулуктан дүкөндөрдү коргоо үчүн киргизүү тапшырылды. Массалык башаламандыктардан улам коменданттык саат киргизиле турган шаарлардын тизмеси 19-октябрдын кечинде жарыяланары күтүлүүдө.
Франциянын Соода-өнөр жай палатасынын баамында, өлкө боюнча башаламандыктардан 2 миңден ашуун дүкөн жабыркашы мүмкүн. Франциянын Соода министрлигинин маалыматына караганда, алардын саны кеминде 3 миң. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргендей, башаламандык учурунда 1 миңге жакын полиция кызматкери жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жабыркаган. Алардын жетөө оор жаракат алган. Франция боюнча дем алыш күндөрү 2331 адам кармалган.
Ошол эле учурда, мыйзам бузуучулар дүкөндөрдү талкалап жатканда, коомдук тартипти сактоо кызматкерлеринин саны кырдаалга тез арада кийлигишүү үчүн жетишсиз болгон окшойт. Маалыматта айтылгандай, соода жайларынын ээлери полицияга чалганда, окуя болгон жерге кызматкерлерди жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк жок деген жооп алышкан.
Лекорню баса белгилегендей, «зарыл болгон учурда» Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланышы да мүмкүн. Анын айтымында, «президенттик шайлоонун алдында башаламандык уюштурууга аракет кылган ультрасолчул кыймыл менен иш алып барып жатканыбызды далилдеген фактылар бар».