Европада бир жуманын ичинде ысыктан 1300дөн ашык адам каза болду
Европада бир жуманын ичинде ысыктан 1300дөн ашык адам каза болду
21-июндан бери Европада ысыктан улам каза болгондордун саны 1300дөн ашканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус билдирди. Анын айтымында, учурда 150 миллионго жакын адам өтө жогорку температурадан жабыркап жатат — аймакта мектептер жабылып, энергетикалык тармактар мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат.
«Европадагы үйлөр, жумуш орундар жана мектептер мындай температурага ылайыкташкан эмес. ДССУ мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөр менен бирге экстремалдуу ысыктан келип чыккан саламаттык коркунучтарына каршы иш алып барууда», — деп жазды Гебрейесус X социалдык тармагында. Ал Европа өлкөлөрүн жогорку температурадан калктын саламаттыгын коргоо боюнча аракеттер планын ишке киргизүүгө чакырды.
Гебрейесустун айтымында, глобалдык жылуулук жана климаттын өзгөрүшүнөн улам Европада аномалдуу ысык мурдагыга караганда кыйла көп кайталана баштады. Ал ошондой эле Европа континенти жалпы планетага салыштырмалуу эки эсе ылдамыраак ысый турганын белгиледи.
Июндун аягында ысык каптаган өлкөлөрдүн катарына Франция, Испания, Италия, Улуу Британия, Германия жана башкалар кирди. Бул өлкөлөрдө кондиционерлердин сатылышы 70%дан ашык өстү. Францияда эки күн мурда ысыктан улам маркумдарды тейлөө кызматтары ашыкча жүктөлгөнү кабарланган.