SerepTV Logo

Бүгүн Казакстанда аза күтүү: Машыгууда 12 аскер каза болуп, дагы эки адам изделүүдө

Бүгүн Казакстанда аза күтүү: Машыгууда 12 аскер каза болуп, дагы эки адам изделүүдө

Казакстандын Маңгыстау облусунда Каспий деңизинде 24-сентябрда аскердик машыгуу учурунда трагедиялуу окуя болду. Аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөндөн улам деңизде 17 аскер кызматкерин агым алып кеткен.

Бийликтин маалыматына караганда, 12 адам каза болуп, үч аскер кызматкери куткарылган. Учурда дагы эки аскер кызматкерин издөө иштери уланууда.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев окуянын себептерин жана жагдайларын иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүүнү, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырды.

25-сентябрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

SEREP MEDIA