SerepTV Logo

АКШда 11-сентябрдагы теракттардын 25 жылдыгында курман болгондор эскерилди

АКШда 11-сентябрдагы теракттардын 25 жылдыгында курман болгондор эскерилди

АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында болгон, дээрлик 3 миң адамдын өмүрүн алган трагедиянын 25 жылдыгына байланыштуу өлкө боюнча эскерүү иш-чаралары өттү. Эскерүү аземдери Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун ордунда — «Граунд-Зиро» аянтында, Пентагондун имаратынын алдында жана террористтер басып алган учактардын бири кулаган Пенсильвания штатында уюштурулду.

Нью-Йоркто курман болгондордун жакындары алардын ысымдарын окуп беришти. Алты мүнөттүк жымжырттык жарыяланды. Быйыл биринчи жолу жети мүнөттүк эскерүү да болду — теракттан кийин уулуу заттардын таасиринен ооруп, кийин каза болгондордун урматына.

АКШ бийлигинин маалыматына караганда, Дүйнөлүк соода борборунун мунаралары кулагандан кийин уулуу заттардын таасиринен улам оорулардан каза болгондордун саны теракттардын түздөн-түз курмандыктарынан кыйла ашып кетти.

Нью-Йорктогу эскерүү аземине АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама, Жо Байден, Билл Клинтон жана Жорж Буш катышты. Ошондой эле Манхэттендеги паркка Нью-Йорктогу теракттарда каза болгондордун санына жараша 2753 бош отургуч коюлуп, аларга эл гүл коюп, эскерүү каттарын калтыра алышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен бирге Пентагондогу эскерүү аземине катышты.

SEREP MEDIA