SerepTV Logo

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медалдык эсеби жүргүзүлбөйт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медалдык эсеби жүргүзүлбөйт
 
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын концепциясына ылайык, Оюндун алкагында расмий медалдык жана командалык эсеп, ошондой эле өлкөлөрдүн жеңип алган медалдарынын саны боюнча жалпы рейтинг жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги максаты — салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, аларды дүйнө коомчулугуна кеңири жайылтуу, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, ошондой эле маданий баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат. Оюндун концепсиясы атаандаштыкта эмес, ынтымактуулукту арттырууда. Ошол себептен Оюндардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер арасында жалпы медалдык рейтинг түзүлбөйт.
SEREP MEDIA