Abank_june
SerepTV Logo

Мундиал: Испания менен Португалия 1/8 финалда кездешет

Мундиал: Испания менен Португалия 1/8 финалда кездешет

Түнү дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалдык баскычынын кезектеги оюндары өттү. 2010-жылдан бери плей-оффто жеңишке жете элек Испаниянын улуттук курама командасы Австрияны 3:0 эсеби менен ишенимдүү жеңип, кийинки баскычта ойной турган болду. Гол ээлери: Микель Оярсабаль (36, 89), Педро Порро (66). 

Бул түндүн дагы бир кызыктуу беттеши Португалия – Хорватия курама командаларынын ортосунда өттү. Португалиянын улуттук курама командасы Хорватияны жеңип, 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты. Торонто шаарында өткөн беттеш 2:1 эсеби менен аяктады. 

Ошентип, Испания жана Португалиянын курама командалары бири-бири менен беттеше турган болду. Оюн 7-июлда өтөт.