Көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасы чемпион болду
Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Бул оюнда Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашып, жыйынтык 12:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.