Кабо-Верде тарыхта биринчи жолу плей-оффто
Кабо-Верде курама командасы тарыхында биринчи жолу футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына чыкты.
Тайпалык этаптын акыркы оюнунда команда Сауд Арабия курама командасы менен Хьюстон шаарында 0:0 эсебинде тең чыгып, 3 упай менен H тайпасында экинчи орунду ээледи. «Көк акулалар» бир да жеңишке жетишпегени менен, бир да жеңилүү ызасын тарткан жок.
Тайпада биринчи орунду Испания курама командасы ээледи. Алар параллелдүү оюнда Уругвай курама командасын минималдуу 1:0 эсебинде жеңишти.
1/16 финалда Кабо-Верде курама командасы Майами шаарында Аргентина курама командасы менен ойнойт. Аргентина командасы J тайпасында алгачкы эки оюнду утуп, биринчи орунду мөөнөтүнөн мурда камсыздаган. Акыркы тайпалык оюнду алар Иордания курама командасы менен өткөрөт.