ДКО-2026: Көкпар боюнча бүгүнкү күндүн жыйынтыгы
Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Бул күнү жалпы эки оюн өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду.
Казакстан: 9 — Мажарстан:4
Өзбекстан:12 - Монголия:1
Оюндун жыйынтыгы боюнча Казакстан жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти.