ДКО-2026: Ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдештин жыйынтыгы
2-3-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат үстүндө жаа атуу мелдеши (кыргыз стиль) жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Мелдешке 33 мамлекеттен жалпы 72 спортсмен, 32 мамлекеттен 45 спортчу айым катышып, ат үстүндө жаа атууда өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
Эркектер арасында:
1-орун — Тулыбеков Абзал (Казакстан), 50 миң сом
2-орун — Бадер Алтамими (Сауд Арабиясы), 40 миң сом
3-орун — Мирланов Мерген (Кыргызстан), 30 миң сом.
Кыз-келиндер арасында:
1-орун — Гүнбилэг Ганбаатар (Монголия), 50 миң сом
2-орун — Анна Сокульска (Польша), 40 миң сом
3-орун — Юлия Ложникова (Россия), 30 миң сом.