Азия оюндары-2026: мушкер Ырыскелди Дүйшеев финалда
Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Ырыскелди Дүйшеев финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал беттештерди чейрек финалдан баштап, палестиналык Сами Аккавени 3:0 эсебинде жеңген. Бүгүн, 21-сентябрда жарым финалда тажикстандык Бехруз Хуршедшоданы 3:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.