Азия оюндары-2026: суучул Денис Петрашов күмүш медалдын ээси
Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Спортсмен алгачкы жарышта 2:11.13 убакытта сүзүп келип, биринчи орунду камсыздаган. Финалдык жарышта Денис Петрашов 200 метр аралыкты 2:08.67 убакытта сүзүп өттү. Жыйынтыгында спортсмен экинчи орунду ээлеп, Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.