Азия оюндары-2026: мушкер Дастан Каныбек уулу коло медалдын ээси
Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Дастан Каныбек уулу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште япониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган. Бүгүн, 21-сентябрда ал өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.