Жогорку Кеңештин комитети Алмаз Имангазиевди эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин жактырды
Бүгүн, 8-сентябрдагы Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Имангазиев Алмаз Кулубековичти эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жыйынтыгында комитет Алмаз Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин жактырып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.