Уранбек Шадыбеков УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Алмаз Ажыгулов дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Шадыбеков Уранбек Аманович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Дагы бир тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Ажыгулов Алмаз Алиаскарович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.