SerepTV Logo

Президенттик шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды

Президенттик шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды
Бүгүн, 24-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

Жыйында аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева маалымат берди. Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындаларын белгилеген комитет төрайымы кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айындагы төртүнчү шаршембиде өткөрүлөрүн кошумчалады.
SEREP MEDIA