Abank_june
SerepTV Logo

Маматалиев экс-төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарды

Маматалиев экс-төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарды
 
6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев өлкө парламентин ар кайсы жылдары жетектеген төрагалар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан реформалар менен тааныштырып, өзгөчө санариптештирүү иштерине, ошондой эле парламенттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык максаттарга жана милдеттерге токтолду. Ал эми мурдагы төрагалар Жогорку Кеңеште ишке ашырылып жаткан өзгөртүүлөргө оң бааларын берип, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары арбын экенин билдиришти. Тагыраагы акыркы жылдары Кыргызстан экономика, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык кызматташтык сыяктуу негизги багыттар боюнча туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгилешти.

Баарлашуунун алкагында өлкөнүн эл аралык аренадагы жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы тарыхый ийгилик катары бааланды. Ошону менен катар жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан үчүн эл аралык маанидеги Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы саммити тууралуу сөз кылышып, кыргыз маданий мурастарын даңазалоодогу жана башка мамлекеттер менен гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу уникалдуу аянтча катары саналган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролу боюнча пикирлерин билдиришти. Андан тышкары Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин бекемдөөгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди ыйгарды.

Жолугушуунун катышуучулары жүргүзүлүп жаткан жана алдыда пландалган реформаларды кубаттай тургандыктарын билдиришип, төрага Марлен Маматалиевдин парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында жасап жаткан иштерине ийгиликтерди каалашты. Муну менен катар өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган саясатты колдоорун кошумчалашты.