Abank_june
SerepTV Logo

Касымалиев Бектургановду Башкы прокуратуранын жамаатына тааныштырды

Касымалиев Бектургановду Башкы прокуратуранын жамаатына тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев башкы прокурордун убактылуу милдетин аткаруучу Малик Бектургановду көзөмөл органынын жамаатына тааныштырды.

Адылбек Касымалиев ведомствонун кызматкерлерине кайрылып жатып, жаңы жетекчинин жана Башкы прокуратуранын жамаатынын биринчи кезектеги милдеттерин белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы прокуратура кызматкерлерин мыйзамдуулукту так сактоого, коррупцияны жоюуга жана элдин көзөмөл органына болгон ишенимин арттырууга чакырды.

Соңунда Адылбек Касымалиев Малик Бектургановго мамлекеттик маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, прокуратура органдарынын кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так, кесипкөй жана кынтыксыз аткараарына ишенимин билдирди.