Депутат Алтынбеков: “Бюджет 51 млрд сом профицит менен аткарылып жатса, эмне үчүн социалдык объектилер бүтө элек?”
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет каралды. Аталган маселе боюнча баяндама жасаган финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев өткөн жылдагы бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду.
Талкуу маалында депутат Жылдыз Садырбаева бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышына кызыкты. Ал эми баяндамачынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси такталган 606 млрд сомдук планда 615 млрд сомду түзгөн. Ал эми чыгашалар 590 млрд сомдук планда 564 млрд сомду түзүп, бюджет 51 млрд сом профицит менен аткарылган.
Ошондой эле депутат Айбек Алтынбеков тартылган инвестициялардын көлөмү жана мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышы боюнча маселеге токтолуп: “Бюджет 51 млрд сом профицит менен аткарылып жатса, эмне үчүн бир нече жыл мурда курулушу башталган социалдык объектилер аягына чыгарылбай келет?”, – деп сурады.
Андан тышкары, депутат Чолпон Эсенаманова Чүй облусундагы капиталдык курулуштарды каржылоо, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө каралган каражаттардын аткарылышы боюнча маселелерди көтөрдү. Муну менен катар жол инфраструктурасынын абалына көңүл буруп: “Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөн жылы 59 млрд сом бөлүнгөн. Ошого карабастан, Кара-Балта – Чалдыбар жана Төө-Ашуу – Арал сыяктуу айрым жолдордун курулушу аягына чыга элек”, – деди депутат.
Ал эми депутат Медина Кайрылбекова Эсеп палатасы тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик программалардын аткарылышы тууралуу сурады. Мындан сырткары, өрт өчүрүүчү техникалар менен камсыздоо маселесин көтөрдү.