БШКнын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетовго “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбековичке “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы ыйгарылды.