Бишкекте ТүркПАнын кезектеги жыйындары башталды
Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарындагы “Ырыс-Ордо” конгресс-холунда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындары башталды. Алгач мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери Ассамблеянын Кеңешинин отурумуна чогулуп, төрагалыкты өткөрүп берүү аземи өттү. Тагыраагы, Ассамблеяга төрагалык кылуу кезеги Казакстандан Кыргызстанга берилип, коңшу өлкөнүн Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге символикалык балканы тапшырды.
Кеңештин жыйыны кыргыз тараптын төрагалыгында уланып, Марлен Маматалиев алдыда жасала турган иштер тууралуу кеңири баяндама жасады. Боордош элдердин алакасын чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы: “Бүгүн ТүркПАнын алдында жаңы милдеттер турат. Биздин кызматташтык тарыхый жана маданий жакындыгыбызды даңазалоо менен гана чектелбей, жарандарыбыздын күнүмдүк жашоосуна таасир эте турган конкреттүү натыйжалар менен толукталышы керек”, – деди.
Буга мисал катары артыкчылыктуу багыттар тууралуу сөз кылган Марлен Маматалиев санариптик трансформация жана жасалма интеллект сыяктуу жаңы технологияларга байланышкан мыйзамдык базаны биргелешип чыңдоо, транспорттук жана экономикалык алакалардын кеңейишине керектүү механизмдерди күчтөндүрүү, жаштардын парламенттик процесстерге жана коомдук турмушка катышуусун жогорулатуу, ошондой эле билим берүү, илим, маданият жана гуманитардык байланыштарды парламенттик дипломатиянын өзүнчө багыты катары өнүктүрүү тууралуу сунуштары менен бөлүштү.
“Дүйнөдө геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөр тездеп, транспорттук коридорлордун, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугунун мааниси артууда. Мындай шартта түрк мамлекеттеринин өз ара ишенимге жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген кызматташтыгын өнүктүрүү зарыл”, – деди Марлен Маматалиев.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын төрагалыгы маалында туруктуу комиссиялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, жаш парламентарийлердин жана айым депутаттардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө, ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен эксперттик коомчулуктарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Андан соң Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилери да сөз сүйлөп, кызматташтыкты арттыруу жаатындагы сунуштарын айтышты. Мындан сырткары ХV пленардык жыйынын күн тартибине киргизилген маселелер талкууланды.
Эскерте кетсек, Кеңештин отурумуна Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш катышты.