Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келди
Албания Республикасынын президенти Байрам Бегай кечээ, 17-июнда Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.
Жогорку даражалуу меймандын учагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна конду. Флагштоктордо эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Сапардын алкагында эки лидер Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуусу мерчемделген.