Аяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиева Аида Камчыбековна Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Баетов Аяз Батыркулович Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.