SerepTV Logo

Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду

Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Айылчиев Алмаз Асимович юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Юстиция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Айылчиев Алмаз Асимовичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет

SEREP MEDIA