Токмокто жаштардын катышуусундагы мушташ боюнча беш балага чара көрүлдү
1-июль күнү саат 01:22 чамасында социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан «Нарын шаурма» тез татым жайынын жанында жаштардын мушташы тартылган видео аныкталган. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге милициянын кайгуул жана ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Ыкчам көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуяга катыштыгы бар беш жаран аныкталып, Токмок ШИИБге жеткирилген. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуянын катышуучулары бири-бирине карата эч кандай доо-арызы жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн баш тартышкан. Ошол эле учурда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн окуяга катышкан беш жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.