Abank_june
SerepTV Logo

Сокулукта каналга түшүп кеткен автоунаа. Текшерүү иштерин Чүй ОИИБдин жетекчилиги көзөмөлгө алды

Сокулукта каналга түшүп кеткен автоунаа. Текшерүү иштерин Чүй ОИИБдин жетекчилиги көзөмөлгө алды
 
21-июнь күнү Сокулук районунун Кожомкул жана Фрунзе айылдарынын ортосундагы ЧЧК каналына Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ӨКМ кызматкерлеринин жардамы менен автоунаа суудан чыгарылган. Кароо учурунда автоунаанын ичинен айдоочуга таандык документтер табылып, бирок салондо адамдар болгон эмес. Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаа жол четиндеги тосмону сүзүп, каналга түшүп кеткендиги аныкталган. Учурда айдоочу К.М.нын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бардык жагдайларды тактоо максатында тергөө амалдары улантылууда. Текшерүү иштерин жүрүшүн Чүй ОИИББдин жетекчилиги көзөмөлгө алып, тийиштүү иш-чараларды адып баруу боюнча тапшырмалар берилди.