Abank_june
SerepTV Logo

Ош-Алай унаа жолундагы сел кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркады

Ош-Алай унаа жолундагы сел кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркады

Кечээ, 24-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, адам өмүрүн алган кырсык катталды.

Алдын ала маалымат боюнча, Ош-Алай унаа жолунун 58-чакырымында жеңил автоунаа сел суусуна агып кеткен. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында автоунаада болгон жарандардын ичинен 6 адамдын жансыз денеси табылып, 2 адам ар кандай жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилген.

Учурда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Каза болгон жарандардын жансыз денелерине тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле өздүгү тактала элек жабырлануучунун ким экендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды нөшөрлөп жааган жамгыр учурунда тоолуу жана сел коркунучу бар аймактарда өзгөчө этият болууга, аба ырайы боюнча берилген шашылыш эскертүүлөрдү так аткарууга чакырат.