Abank_june
SerepTV Logo

Манас шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кармалды

Манас шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кармалды
23-июнда саат 03:30 чамасында Манас шаарындагы Курманбек көчөсү менен С.Качкынбаев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Базар-Коргон районунун тургуну, 1980-жылы туулган Ж.Э.Э. өзүнүн «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаасын С.Качкынбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, Курманбек көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан «BMW X5» үлгүсүндөгү автоунаанын жолуна чыгып кеткен. Натыйжада эки унаа кагышып, жол кырсыгы орун алган.

Кырсыктын кесепетинен «Daewoo Tico» автоунаасынын айдоочусу Ж.Э.Э. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми «BMW X5» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Сузак районунун тургуну, 2008-жылы туулган А.Н.А. кармалып, Манас ШИИБинин тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. БМВ үлгүсүндөгү айдоочунун күнөөсү аныкталса, ал Кыргыз Республикасынын жаны мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.