SerepTV Logo

Концерт уюштуруу шылтоосу менен алдамчылыкка шектелген экинчи жаран кармалды

Концерт уюштуруу шылтоосу менен алдамчылыкка шектелген экинчи жаран кармалды
 
10-августта милицияга А.Д.  аттуу жаран Т.А.га карата мыйзам чегинде чара көрүүгө арызы менен кайрылган. Арызда Т.А. 2026-жылдын июнь айында пландаштырылып, кийинчерээк токтотулган концертке билеттерди сатып, алган акча каражаттарын кайтарып бербегени көрсөтүлгөн. Анын ЖЧКнын алдындагы карыз суммасы 1 166 400 сомду түзөт. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан экинчи шектүү 2001-жылы туулган жаран Т.А. аныкталып, кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96–97-беренелерине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин аталган кылмыш ишинин алкагында 2001-жылы туулган жаран И.А. кармалган. Ал концерт өткөрүүгө биргелешип инвестиция салуу шылтоосу менен Э.Э. аттуу жарандан 20 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алган деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары жана келтирилген зыяндын жалпы көлөмү аныкталууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ шектүүлөрдүн аракеттеринен жабыркаган же алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу маалыматка ээ болгон жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга же +996 559 731 313 номери аркылуу билдирүүгө чакырат.
SEREP MEDIA