Кочкор-Ата шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайдын табылышы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2-сентябрда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанындагы жалпы пайдалануудагы ажатканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган.
Ымыркай ошол эле күнү түнкү саат 01:24тө оор абалда Кочкор-Ата шаарынын жалпы дарыгердик практика борборуна жеткирилген. Дарыгерлер тарабынан наристе кабыл алынып, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Медициналык кароонун жүрүшүндө ымыркайдын абалы өтө оор экени аныкталган. Дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабастан, наристе каза болгон. Аталган факты боюнча Ноокен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө наристени төрөп, аталган жерге таштап кеткен 1991-жылы туулган Г.Т. аттуу жаран аныкталып, тергөө органдарына жеткирилген.
Медициналык мекеменин маалыматына ылайык, аялдын учурдагы абалы канааттандырарлык. Ал үйүндө медициналык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.