Кара-Балтада аялга карата зомбулук фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө
Кечээ, 24-июнь күнү Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Жайыл РИИБинин жетекчилигине билдирүү менен кайрылган. Анда “Инстаграм” социалдык тармагындагы «Биз-Вместе» баракчасында жарыяланган видеодо белгисиз эркек киши аял кишиге күч колдонуп жаткандыгы көрсөтүлгөнү маалымдалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 22-июнда саат 13:40 чамасында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев жана Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Авангард» дүкөнүнүн жанында болгон. Аталган факты 25-июнда Жайыл РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Учурда Жайыл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан окуяга катыштыгы бар белгисиз жарандар тактоо максатында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.