Abank_june
SerepTV Logo

Жалал-Абадда бала бакчанын жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда бала бакчанын жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр мэриясынын жооптуу кызмат адамдары бала бакчага таандык 1 717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Таш-Көмүр прокуратурасы шаардагы "Мишутка" балдар бакчасына таандык 3 миллион 500 миң сомду түзгөн 1 717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкендиги аныктаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Unknown Author